Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы
2015-жылдын 26-февралы № 13/3
Бирлик айылдык аймагындагы социаяалдык объектилерине жазылган проектилерди кароо жөнүндө
Бирлик айыл аймагында жайгашкан Бирлик айылдык өкмөтүнүн кеңсесин капиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана №37”1-Май” орто мектебинин аймагына окуучуларга ашкана курууга Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигинин түрткү берүү грантына жазылган проектилерин колдоодо жана айылдык өкмөтүнүн салымын кошуу жөнүндө, Экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Маканбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Бирлик айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен “Бирлик айылдык өкмөтүнүн кеңсесин капиталдык оңдоодон өткөрүүгө” 250,0мин сом жана “№37 “1-Май” орто мектебинин аймагына окуучуларга ашкана курууга”150,0мин сом, жалпысынан 400,0 мин сом, Кыргыз Республикасынын Каржы Министирлигинин түрткү берүүчү грантына жазылган проектилерин колдоодо өздүк салым катарында бөлүнүп берилсин.
2. Финансы Экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи Ж.Маканбаев бюджетке тийиштүү акча каражатын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин.
3. Кадамжай райондук аймактык Каржы бөлүмүнөн жогорудагы проектилерди колдоо жагы суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |