Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 14/1
Бирлик айыл аймагында жазгы талаа иштеринин жүрүшү жөнүндө
Бирлик айыл аймагында 2015-жыл үчүн жазгы талаа иштеринин жүрүшүн талкуулап, сын-сунуштарды эске алуу менен Бирлик айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагында жазгы талаа иштеринин жүрүшү боюнча Бирлик айыл өкмөтүнүн аткарып жаткан иштери көнүлгө алынсын.
2. Айыл аймагында жазгы эгүү иштери бүтө электигине байланыштуу дыйкандарга жазгы эгүү иштерин өз убагында агротехникалык мөөнөттө аяктоону уюштурууга көмөк көрсөтүү жагы айыл башчыларга тапшырылсын.
3. Дыйкандарды урөн,күйүүчү май,жер семирткичтер боюнча малыматтар менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө,”АйКОК” кооперативине жеке ишкерлерге, айыл башчыларына эскертилсин.
4. Айылдарда техникалардын кызмат көрсөтүү,дыйкандардын жерлерин айдоо, эгүү ж.б кызматтарына айыл өкмөтүнүн аймагында бирдей тарифтерди жөнгө салуу боюнча чаралар көрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө Бирлик айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |