Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 14/2
Бирлик айыл аймагындагы Гауян СПАнын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Бирлик айыл аймагыдагы “Гауан суудан пайдалануучулар ассоциациясынын” аткарып жаткан иштери талкууланып, сын–сунуштарды эске алуу менен Бирлик айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагындагы “Гауан суудан пайдалануучулар ассоциациясынын” элди сугат суу менен камсыз кылууда аткарып жаткан иштери көнүлгө алынсын.
2. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы каналдарды реабилитациялоо боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылануучу долбоорду бүтүрүү, ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтү менен тыгыз иш алынып барылсын.
3. Каналдарды реабилитациялоо боюнча Бүткүл Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылануучу долбоор боюнча жана элдердин сугат сууга төлөнүүчү төлөмдөрүн өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчыларга тапшырылсын.
4. Сугат суу дыйкандарга жеткирүү боюнча ар бир гидропостко дежурство коюлсун жана түзүлгөн график такай көзөмөлгө алынсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча турукту комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |