Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 14/6
Бирлик айыл Округундагы муниципалдык жерлерди жөнгө салуу, жер участогуна укукту берүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана дизайнердик иштердин долбоорун түзүү үчүн архитектуралык денгээлде саясатты жүргүзүү боюнча комиссия мүчөлөрүн бекитип берүү жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү Типтүү Жобонун 6-7 пунктуна негиз Бирлик айыл Округундагы муниципалдык жерлерди жөнгө салуу,жер участогуна укукту берүү көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана дизайнердик иштердин долбоорун түзүү үчүн архитектуралык денгээлде саясатты жүргүзүү боюнча төмөндөгүдөй курамда комисия мүчөлөрүн бекитип берүү” жөнүндөгү сунуш каты боюнча маселени карап,Бирлик айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл Округундагы муниципалдык жерлерди жөнгө салуу, жер участогуна укукту берүү, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана дизайнердик иштердин долбоорун түзүү үчүн архитектууралык денгээлде саясатты жүргүзүү боюнча төмөнкү комиссия курамы бекитилсин.
1. Комиссия төрагасы: Анаркулов А,Бирлик айылдык Кеңешинин депутаты;
2. Комиссия катчысы: Кожобеков К,Бирлик а/Ө жер боюнча адиси;
3. Комиссия мүчөсү: Жороев М. Бирлик а/Ө башчысынын орун басары;
4. Комиссия мүчөсү: Имаркулов Г, Бирлик а/Кенешинин депутаты;
5. Комиссия мүчөсү: Мамасабиров Б, Бирлик а/Кенешинин депутаты;
6. Комиссия мүчөсү: Нишанов К. Бирлик а/Ө башчысынын орун басары;
7. Комиссия мүчөсү: Эргешов К, Бирлик а/Ө Аксакалдар Сотунун төрагасы;
Өз макулдуктары менен:
8. Абытов Ж: Кадамжай райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармасынан;
9. Шакиров З: Кадамжай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |