Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он төртүнчү сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № 14/6
Кадамжай району, боюнча мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №08-01/434 катында көрсөтүлгөн КР Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөй айыл чарбасы багытындагы жерлердин салык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай району боюнча мамлекеттик салык кызматынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги №08-01/434 катында көрсөтүлгөн КР Салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктунда көрсөтүлгөндөй айыл чарбасы багытындагы жерлердин салык ставкасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2015-жыл үчүн өзгөрүү киргизилбесин.
2. Бирлик айыл Өкмөтүнүн ага салыкчы К.Туйгуновго токтомду юстициядан бекитүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирлик айыл Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |