Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясы
2016-жылдын 10-февралы № 19/1
Бирлик айылдык өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге Бирлик айылдык кеңешинин 11(он бир) депутат тарабынан ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушу жөнүндө
Бирлик айылдык өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге Бирлик айылдык кенешинин 11 (он бир) депутат тарабынан ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушун күн тартибине киргизип кароо жөнүндө, Бирлик айыл Өкмөтүнүн башчысы А.Жороевдин 2015-жылда аткарган иштери жана 2016-жылга карата аткарылуучу иш пландары жөнүндө 2016-жылдын 10-февралындагы Бирлик айылдык кенешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги он тогузунчу сессиясында каралып, катышкан 20депутаттан 14 депутат-канааттандырарлык эмес, 3депутат-канааттандырарлык, 2-депутат-калыс добуш берүүнүн жыйынтыгын талкуулап,Бирлик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айылдык өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге Бирлик айылдык кеңешинин 11 (он бир) депутат тарабынан ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү сунушу Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктунун 9 пунктуна негиз күн тартибине киргизилсин.
2. Бирлик айылдык өкмөтүнүн башчысы А.Жороевге ишеним көрсөтпөөгө жашыруун (жабык) добуш берүү боюнча эсептөө түзүлсүн.
3. Эсептөө комиссиясынын курамы 3(үч) кишиден түзүлсүн.
4. Эсептөө комиссиясына сунуштардын негизинде төмөнкү курамда эсептөө комиссиясынын курамы түзүлсүн:
-Каримов Имматилла Акимович,
-Солтонов Алпидин Арзиматович,
-Колдошов Болотбек Жолболдуевич.
5. Эсептөө комиссиясына жабык,жашыруун добуш берүүнү уюштуруп өткөрүү жагы тапшырылсын.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |