Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2014-жылдын 24-марты № 9/5
Бирлик айыл Кеңешинин бешинчи чакырылышынын экинчи сессиясынын №2/3 токтомундагы түзүлгөн жер маселелери боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген типтүү Жобого негиз, Бирлик айыл кеңешинин бешинчи чакырылышынын экинчи сесииясынын №2/3 токтомунда түзүлгөн жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү үчүн айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл Кеңешинин бешинчи чакырылышынын экинчи сессиясынын №2/3 токтомуна өзгөртүү киргилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы
№1997-III токтому менен бекитилген типтуу Жобого негиз жер маселелерин чечүү жана талаш-тартыштарды жоюу боюнча төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн.
1. А.Анаркулов-айыл кеңешинин депутаты,
2. Б.Колдошов-айыл кеңешинин депутаты,
3. Г.Имаркулов-айыл кеңешинин депутаты,
4. Б.Мамасабиров-айыл кеңешинин депутаты,
5. А.Жороев-Бирлик айыл Окмотунун башчысы,
6. К.Кожобеков-жер адиси,
7. К.Нишанов-айыл башчы,
8. А.Карабаев-айыл башчы,
9. Н.Иметов-бухгалтер.
2. Комиссиянын төргасы айыл кеңешинин депутаттарынын ичинен шайлансын,ал эми катчысы болуп айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы бекитилсин.
3. Жобого негиз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү жана райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо башкармалыгынын өкүлү байкоочу катары катышсын.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |