Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2014-жылдын 24-марты № 9/6
Аукционго коюлуучу жерлердин баштапкы наркын бекитип берүү жана аукцион өтүүчү күндү белгилөө жөнүндө
Күн тартибиндеги каралуучу маселе терен карап талкууланып, сын-сунуштардан кийин айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аукционду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү Жобонун негизинде иш алып барылсын.
2. Аукционго коюлуучу жерлердин баштапкы наркы белгиленип 20 пайызга которулуп, мыйзамга белгиленген моноотто өткөрүлсүн.
3. Аукционду жер боюнча түзүлгөн комиссия Бирлик айыл өкмөтүнүн кенсесинде мыйзам чегинде өткөрүшсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |