Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2014-жылдын 24-марты № 9/7
Балдар бакчасын куруу үчүн жер аянттын ажыратып берүү жөнүндө
Бирлик айыл аймагындагы Жал, Жаныкоргон айылдарынын тургундарынын бала бакча куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү арызы талкууланып, сын-сунуштардан кийин арызды канааттандыруу максатында Бирлик айыл кеңешинин бешинчи чакырылышынын тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагынын Жал айылындагы Бирлик айыл өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-ноябрындагы №46А токтому менен муниципалдык менчикке катталган Б.Алыкулов атындагы орто мектебинин күн-чыгыш тарабындагы чон жолдун боюнан 0,30га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Бирлик айыл өкмөтүнө жогорудагы аталган жер аянтына тиешелүү иш-кагаздарын даярдап берүү жагы жүктөлсүн.
3. Б.Алыкулов атындагы орто мектебине балдар бакчасын ачуу жагы Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун негизинде тийиштуу болгон документтерин даярдап берүү жагы Кадамжай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |