Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2014-жылдын 24-марты № 9/8
Бирлик айыл кеңешинин аймагында Жал айылынын Аэропорт участкасынын тургундарынын төмөнкү басымдагы газ менен камсыз кылуу боюнча бүткөрүлгөн курулушту «Кыргыз Газпром» ЖЧКсынын балансасына кайтарымсыз өткөрүү жөнүндө
Бирлик айыл кеңешинин аймагында Жал айылынын Аэропорт участкасында АРИС программасынын «Айылдарды инвестициялоо боюнча долбоорунун» негизинде айыл калкын газ менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүп,2009-жылы жалпы наркы 437982 (төрт жуз отуз жети миң тогуз жүз сексен эки)сомдук Аэропорт участкасынын тургундарынын төмөнкү басымдагы газ менен камсыз кылуу долбоору жүргүзүлдү.Элдин жалпы кошкон салымы 38% түзөт. Бул курулушту мындан ары иштетүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл кеңешинин аймагында Жал айылынын Аэропорт участкасынын тургундары тарабынан төмөнкү басымдагы газ менен камсыз кылуу боюнча бүткөрүлгөн курулуш (Газ тутукчосу 980п/м) «Кыргыз Газпром» ЖЧКсынын балансасына өткөрүлсүн (кайтарымсыз).
2. Райондук газ чарба бөлүмүнөн бүткөрүлгөн курулушту (торт жуз отуз жети мин тогуз жуз сексен эки сом)баланска кабыл алуу боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жардам берүү жагы суралсын.
3. Баланска өткөрүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо жана өткөрүп берүү боюнча иштерди жүргүзүү жагы долбоордун жетекчиси А.Жороевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Жороевге жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |