Редакцияот 23.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги онунчу сессиясы

 

2014-жылдын 23-майы № 10/2

Бирлик айыл кеңешинин депутаттарынын тизмесин толуктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пункттуна жана «Жергиликтүү Кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Бирлик айыл Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бирлик айыл кенешинин №8132 Ормош шайлоо участкасынан шайланган депутат Жороев Мансур Сагынович муниципалдык кызматка өткөндүгүнө байланыштуу, жазган арызына ылайык депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Жороев Мансур Сагыновичтин ордуна кезектеги талапкер Тойчиев Нурбайга депутаттык мандатты ыйгаруу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бирлик айыл Кеңешинин жооптуу катчысы Г.Отомбаевага тапшырылсын.

 

Бирлик айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Шакиров