Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 11/1
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2014-жылда 6 ай ичиндеги аткарган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө
Бирлик айыл өкмөтүнүн 2014-жылда 6 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгын угуп жана талкуулап, сын-сунуш пикирлерин угуп, Бирлик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери жана уюштуруучулук иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү, үрөн, күйүүчу май, минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу, сугат суунун, кайра бөлүштүрүү фонддундагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу, жайыт маселелерин чечүү чараларын көрүү, чек аралар маселелерин чечүүгө жардам берүү;
-ички жана чарбалар аралык каналдарды тазалоо, сугат суунун элге жеткирилишине шарт түзүү,
-элге турак жай куруу үчүн жер маселесин чечүүгө;
-элге социалдык жактан колдоо көрсөтүүнү;
-айыл аймагында жайлоого малды айдоонун алдында өзгөчө көркунучтуу оорулардын алдын алуу жана болтурбоо багытында тынымсыз уюштуруу иштерин жүргүзүү үчүн камсыздоо жагы тапшырылсын.
-айыл аймактагы социалдык тармактарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоону улантуу багытында иштер жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, бюджет, агрардык, регламент жана мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |