Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 11/3
СПАнын жана «Гауян Таза Суу» коомдук бирикмесинин элди таза суу, сугат суу менен камсыз кылууда жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө
Бирлик айыл кеңешинин күн тартибиндеги каралган маселеси СПАнын жана «Гауян Таза Суу» коомдук бирикмесинин элди таза суу, сугат сууну үзгүлтүккө учуратпай коромжосуз жеткирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча билдирүүсүн угуп,талкуулап сунуштардан кийин Бирлик айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. СПАнын жана «Гауян Таза Суу» коомдук бирикмесинин элди таза суу, сугат суу менен камсыз кылууда жүргүзүлүп жаткан иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Сугат сууну дыйкандарга жеткирүү боюнча ар бир гидропостко дежурство коюлсун.
3. Сугат сууну жеткирүү боюнча график такай көзөмөлгө алынсын.
4. СПАнын жана «Гауян таза Суу» коомдук бирикмесинин төлөмдөрүн өз убагында төлөөгө айыл башчылар жакындан жардам берсин.
5. Комиссиянын курамы 4 депутат
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |