Загрузка документа…
БИРЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бирлик айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги он биринчи сессиясы
2014-жылдын 20-августу № 11/4
Бирлик айыл аймагындагы социалдык тармактардын жана калктын 2014-2015-жылдарга куз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө
Бирлик айыл аймагындагы социалдык тармактардын жана калктын 2014-2015-
жылдарга куз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жургузулуп жаткан иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүнүн бачысынын орун басары жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Г. Имаркуловдун билдирүүсүн угуп, талкуулардан жана сунуштардан кийин Бирлик айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бирлик айыл аймагындагы социалдык тармактардын жана калктын 2014-2015-Жылдарга күз-кыш мезгилине даярдыгын үзгүлтүксүз жүргүзсүн.
2. Айыл башчылар, мектеп жетекчилери, ФАП, СВА, «Келечек»балдар бакчасынын элди жана социалдык обьектерди көмүр менен камсыз кылуу боюнча штабка такай маалымат берип турушсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Бирлик айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Шакиров |