Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2016-жылдын 10-июну № 28-1
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндө
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун маалыматын, угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылды жашылдандыруу көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык канал көпүрөлөрдүн абалы боюнча айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Базардагы сатылып жаткан эт азыктарынын сапатын текшерип, көзөмөлгө алып туруу Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы А.Мааданбековго тапшырылсын.
3. Базардагы, соода түйүндөрдөгү сатылып жаткан сүт азыктардын , жер жемиштердин сапатын көзөмөлдөө райондук Сан Эпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ж.Токтобековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Айдыралиев |