Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2016-жылдын 10-июну № 28-6
Ат-Башы айылынын I-кварталынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколу жөнүндө
Ат-Башы айылынын I-кварталынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколу жөнүндөгү I-кварталдын комитет башчысы У.Жаналиеванын маалыматын, угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын К.Имеров көчөсүнөн күн батышты көздөй кеткен С.Абыкеев атындагы көчө мурунку аты өзгөрүлүп Асанбаев Асандын аты берилсин.
2. С.Абыкеев көчөсүнүн аягындагы кыска көчө, мурдагы аты өзгөрүлүп Мусаев Дүйшөнбүнүн аты берилсин.
3. Асанбаев Асандын жана Мусаев Дүйшөнбүнүн аттары берилген көчөлөргө аттарын жаздырып илүү, көчөлөрдү жарыктандыруу, ремонт иштерин жүргүзүп туруу маркумдардын үй бүлөөлөрүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Айдыралиев |