Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2016-жылдын 10-июну № 28-7
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисин дайындоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Көрктүү аймак « муниципалдык ишканасынын жетекчисине депутаттардын көпчүлүк добушун алган талапкер Абдымамытов Эркинбекке макулдук берилсин
2. «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчисине Абдымамытов Эркинбекти дайындоо боюнча Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго сунушталсын.
3. Дайындалган «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси өзүнүн тармагы боюнча компетенциясынын чегинде талапка ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Айдыралиев |