Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги ХХVIII сессиясы
2016-жылдын 10-июну № 28-10
Ат-Башы айылынын тургуну К.Акматалиевдин 2016-жылдын 15-апрелиндеги кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылындагы А.Иманбердиев атындагы көчөдө жайгашкан Акматаалы уулу Кемел атындагы мечитти айыл өкмөттүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндөгү К.Акматалиевдин кайрылуусун,угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы А.Иманбердиев атындагы көчөдө жайгашкан Акматаалы уулу Кемел атындагы мечит Ат-Башы айыл өкмөтүнө каттоого алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис- юрист Н.Жунусовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Айдыралиев |