Загрузка документа…
БУДАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Будалык айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз 22-заседаниеси
2016-жылдын 20-январы № 22/1
Будалык айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө отчету
Будалык айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуп жана талкуулап, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 6-главасынын 46-беренесинин 3-пункутуна ылайык
Будалык айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Будалык айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчету канаатандыраарлык деп белгиленсин. (тиркеме тиркелет)
2. 2016-жылга жана андан кийинки жылга карата калктын социалдык экономикалык өнүгүшүн багыттаган, социалдык инфраструктураны жакшыртуу чаралары иштелип чыгуу жагы каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
Будалык айылдык кеӊешинин төрагасы |
У. Асанов |