Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-марты № 4
Сакалды айыл өкмөтүнүн ветсервиси үчүн жер ажыратуу жөнүндө
Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Шерматов Үмүтбектин мал чарба жандыктарына ветеринардык кызмат көрсөтүү үчүн атайын пункт куруу зарылчылыгы жөнүндөгү маалыматын угуп, жана талкуулап чыгып, Сакалды айылдык кеңешинин XXVI – чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин мал чарба жандыктарына ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча чараларды жакшыртуу максатында атайын пункт куруу үчүн 400 кв м жер тилкеси Бөбүй айылынын территориясынан бөлүнүп берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы М Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Исмаилов |