Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-июну № 1
«№12 орто мектептин ремонт иштерин көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүү жөнүндө»
Сакалды айыл өкмөтүнүн № 12 Ж. Султанов орто мектебинин имаратында жүрүп жаткан ремонтко байланыштуу алмаштырууга ылайык эмеректердин тизмесин жана санын тактоо коромжусуз сактап калууну камсыздоо максатында кун тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып: Сакалды айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №12 Ж Султанов атындагы орто мектептин имаратындагы капиталдык ремонт иштеринин жүрүшүнө түздөн түз көзөмөл жүргүзүп,алмаштырылып жаткан эшик, терезелердин санын тактоо,эсебин жүргүзүү,ысырапкерчиликке учуратпоо,талап,тоноого жол бербөө максатында төмөнкүдөй комиссиянын курамы бекитилсин:
Колдошов Ысман –комиссиянын мүчөсү айылдык кеңештин депутаты
Алярова Гулчехра-комиссиянын мучөсү –айылдык кеңештин депутаты;
Мусаева Эльмира-комиссиянын мүчөсү -№ 12 орто мектептин профкому;
Абдилат уулу Камыт- комиссиянын мүчөсү айыл өкмөттүн муниципалдык менчик маселери боюнча башкы адиси
Исматиллаев Абдиталип – комиссиянын мүчөсү айл өкмөттүн материалдык бухгалтери
Жапаров Жамалдин- комиссиянын мүчөсү №12 о м директору
Субанов Эргешалы – комиссиянын мүчөсү Чон-Багыш айылынын айыл башчысы
Моложанов Р- комиссиянын мүчөсү № 12 орто мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы
Исмаилов Сапар - комиссиянын мүчөсү № 12 орто мектептин чарба жумуштары боюнча директорунун орун басары.
2. Капиталдык ремонт мезгилинде колдонуудан чыккан эски эшик терезелердин,ошондой эле курулушка жарактуу материалдардын талап тоноо,ысырапкерчилике учуратуу же мыйзамсыз сатылып кетүүсүнө жол бербөөнү камсыздоо максатында так эсебин жургүзүү жана бул жумуштар боюнча жазуу жүзүндө маалымат берүү комиссиянын курамына жүктөлсүн.
3. Буйруктун актарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн каржы бөлүмүнө, материалдык бухгалтер А. Исматиллаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ү. Исмаилов |