Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-октябры № 3
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Туура–Суу айылынан Лахол айылына мектеп окуучуларын авто унаа менен ташуу жѳнүндѳ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Туура –Суу айылынан Лахол айылына мектеп окуучуларын ташуу белгиленсин.
2 .Окуучуларды ташууда эки рейс ташуу үчүн күйүүчү майга акча каражатын бѳлүп берүү жагы Нарын райондук билим берүү бѳлүмүнѳн суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага | И. Алтымышов |