Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-2
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгы жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,6-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын жаңы окуу жылына карата даярдыгын өз убагында бүткөрүү билим берүү мекемелеринин, балдар бакчаларынын башчыларына тапшырылсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы балдар бакчаларынын санитардык-гигиеналык талаптардын эрежелерин сактоосу эскертилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, туризм, жаштар жана өз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |