Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 4-марты № 128
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-мартындагы № 122 "2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясында:
- IV бөлүмүнүн 4.2-пунктунун төртүнчү абзацы "(г) укуктук тематикада жалпы билим берүүчү мекемелерде (мектептерде) жана жогорку окуу жайларында (ЖОЖдордо) түшүндүрүү лекцияларын өткөрүү тажрыйбасын жайылтуу" деген сөздөрдөн кийин "; (д) коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүү практикасын киргизүү" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- "Калкты укуктук пропагандалоонун натыйжалуулугун жогорулатуу" деген II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 2.91-пункт менен толукталсын:
"
2.91 |
| Өздөрүнүн иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын чектеринде коррупциянын алдын алуу маселелерине карата калк арасында билимдерди жайылтуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Дайыма | Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча калктын билим деңгээлин жогорулатуу | Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ведомстволор, Башкы прокуратура (макулдашуу боюнча) |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |