Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-6
Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак участкасынын С.Алимбаев атындагы №51, №52 көп кабаттуу үйлөрдүн алды тарабына асфальт жаткырууга жана С.Алимбаев атындагы №40, №42 көп кабаттуу үйлөрдүн астына монолит бетон төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын көчөлөрүн асфальтоого жана монолит бетон төшөө үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак участкасынын С.Алимбаев атындагы №51, №52 көп кабаттуу үйлөрдүн алды тарабына асфальт жаткыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 552 632 сом;
2. Ноокат шаарынын аймагындагы Таштак участкасынын С.Алимбаев атындагы №40, №42 көп кабаттуу үйлөрдүн астына монолит бетон төшөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 255 493 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |