Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-7
Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүнүн батыш тарабына борбордук айлампадан баштап аймактык ооруканага чейин лоток орнотуп, брусчатка жаткыруу үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджети акча каражатынын эсебинен Ноокат шаарынын аймагындагы иштерди аткаруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Ленин атындагы көчөсүнүн батыш тарабына борбордук айлампадан баштап аймактык ооруканага чейин лоток орнотуп, брусчатка жаткыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 1 118 000 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |