НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-9
Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнө трансформатор коюу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнө трансформатор коюу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы Х.Абдумаликов атындагы көчөсүнө трансформатор коюу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 3112-беренесине жылдырып, 396 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |