Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-13
Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасынын Жамий, Т.Кадирбаев атындагы көчөлөрүндөгү сайдын тегерегин тосуу жана Таштак участкасындагы М.Эргашев, Х.Абдумаликов атындагы көчөлөрүндөгү арыкка лоток жасоо үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак участкасынын Жамий, Т.Кадирбаев атындагы көчөлөрүндөгү сайдын тегерегин тосуу жана Таштак участкасындагы М.Эргашев атындагы көчөсүндөгү арыкка лоток жасоо үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Кара-Турпак участкасынын Жамий жана Т.Кадирбаев атындагы көчөсүндөгү сайдын тегерегин тосуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 25 000 сом;
2.Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов атындагы көчөсүндө жайгашкан сел кетүүчү арыкка лоток жасоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 26 001 сом;
3.Ноокат шаарынын аймагынын Таштак участкасындагы М.Эргашев атындагы көчөсүнөн А.Лутфуллаев атындагы көчөсүнө бурулушундагы арыкка лоток жасоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 37 500 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |