Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-13
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрүнө мыйзамсыз коюлган дүкөндөрдү алып, башка жерлерге жылдырууга жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Мыйзамсыз коюлган дүкөндөрдү алып башка жерлерге жылдырууга жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мыйзамсыз коюлган дүкөндөрдү алып башка жерлерге жылдыруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнун 3111-беренесинин эсебинен 2215-беренесине жылдырып, 18 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин Ош областынын райондор аралык сотунун аткаруу барагынын негизинде 706 бөлүмүнун 3111-беренесинин эсебинен 2215-беренесине жылдырып, 2320 (эки миң үч жуз жыйырма) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |