Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-16
Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон иштерди аткаруу үчүн бөлүштүрүүгө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл болгон иштерди аткаруу үчүн бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы менен үнөм болгон 2224-беренесинен 858,9 миң сом 709 бөлүмдүн 3111 беренесинен 585,7 миң сом Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы түзүлгөн “Жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасына 1444,6 миң сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |