Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-17
Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл иштерди аткаруу үчүн бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатын зарыл иштерди аткаруу үчүн бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын жарым жылдык жыйынтыгы менен үнөм болгон 709 бөлүмдүн 3111 беренесинен 68,3 мин сом 706-бөлүмдүн 3111-беренесинен 358,7 миң сом акча каражатын төмөндөгү зарыл болгон:
- Н.Исанов атындагы эс алуу багына эстелик орнотуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111 беренесине-197 000 сом;
- Ноокат шаар мэриясы алдына арка куруу үчүн 701-бөлүмдүн 3111-беренесине 230 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |