Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-20
Ноокат шаарынын аймагынын көчөлөрүнүн асфальтин ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагынын Шаар-Маала, С.Калбеков, А.Лутфуллаев, Б.Абдраимов, Т.Кадирбаев жана А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн асфальтин ремонттоо үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагынын Шаар-Маала, С.Калбеков, А.Лутфуллаев, Б.Абдраимов, Т.Кадирбаев жана А.Бадалов атындагы көчөлөрүнүн асфальтын ремонттоо үчүн Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 165 000 (бир жүз алтымыш беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |