Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы
2016-жылдын 2-августу № XXXVII-21
Ноокат шаарынын көчөлөрүн асфальттоого жана көпүрө куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Р.Юлдашев, Тайлаков атындагы көчөлөрүн асфальттоого жана С.Алимбаев атындагы тар көчөсү менен Бостон көчөсүнүн ортолугунан өткөн Чечме-Сай сайынын үстүнө көпүрө куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жылдын бюджетинин жыл ичинде ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен:
-Ноокат шаарынын Р.Юлдашев атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн 414 663 сом;
-Ноокат шаарынын Тайлаков атындагы көчөсүн асфальттоо үчүн 789 122 сом;
-Ноокат шаарына караштуу С.Алимбаев атындагы тар көчөсү менен Бостон көчөсүнүн ортолугунан өткөн Чечме-Сай сайынын үстүнө көпүрө куруу үчүн 182 000 (бир жүз сексен эки миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Гафаров |