Редакцияот 02.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXVII сессиясынын заседаниясы

 

2016-жылдын 2-августу № XXXVII-22

Ноокат шаарына караштуу У.Салиева атындагы балдар бакчасына көмүр сактоочу навес жана көпүрө куруу үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндө

Ноокат шаарына караштуу У.Салиева атындагы балдар бакчасына көмүр сактоочу навес жана көпүрө куруу үчүн акча каражатын ажыратып беруу жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарына караштуу У.Салиева атындагы балдар бакчасына көмүр сактоочу навес жана көпүрө куруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын балдар бакчасына каралган 2016-жылдын бюджетинин 3112-беренесинин эсебинен 3111-беренесине жылдырып, 79 350 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ноокат шаардык

кеңешинин төрагасы

 

А.Гафаров