Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык кеңешинин XXIV сессиясы
2016-жылдын 4-февралы № XXIV/3
Эмгек акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү” мыйзамына ылайык жана бөлүм башчысы О.Ажымамбетованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл аймагын көрктөндүрүү жашылдандыруу иштерин жакшыртуу максатында айылдагы паркты жана жол боюндагы бактарды, жаңы уюшулган парктагы бактарды багуу үчүн бакчы кызматкерлер алынсын.
2. Эмгек акысы келишимдин негизинде ЖКХ бөлүмүнөн төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге тапшырылсын.
Төрайымы: | Ж. Ажиева |