Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык кеңешинин XXIV сессиясы
2016-жылдын 4-февралы № XXIV/8
Таштандыларды ташып чыгаруу жыйымдарынын өлчөмүн аныктоо
Кыргыз Республикасынын салык кодексине ылайык жана жетектѳѳчү адис А.Молдалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек айылдык Кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айылында таштандыларды ташып чыгаруу жыйымы түтүнгө эсептелип, 25 сомдон бекитилсин.
2. Түтүнгө 25 сомдон эсептеп жыйымдын суммасын аныктап Ак-Талаа райондук салык башкармалыгына тапшырып, планга койдуруу жагы жетектөочү адис А.Молдалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы У.Казиевге тапшырылсын.
Төрайымы: | Ж. Ажиева |