Загрузка документа…
ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Терек айылдык кеңешинин II кезексиз сессиясы
2016-жылдын 9-июну № II/2
Терек айыл ѳкмѳтүнүн 2017-2019-жылга карата бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жѳнүндѳгү” мыйзамына ылайык жана Терек айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Ажымамбетованын билдирүүсүн угап жана талкуулап, Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин чыгаша бѳлүгүнүн долбоору 2017-жылга – 4120,0 миң сом, 2018- жылга 4211,7 миң сом, 2019-жылга 5519,2 миң сомго бекитилсин (тиркеме 9 баракта тиркелет.
2. Терек айыл ѳкмѳтү дотацияда тургандыктан, ѳкмѳттүн аймагындагы мектеп, бала бакча жана башка бюджеттик мекемелерди коммуналдык жактан тейлѳѳдѳ жана башка чыгымдар үчүн, Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга болжолу жѳнүндѳгү мыйзамда республикалык бюджеттен бѳлүнгѳн теңдештирилген гранттын, айыл ѳкмѳтүнүн керектѳѳсүнѳ жетишсиз болгондугуна байланыштуу кошумча акча каражатын караштырып, бѳлүп берүүнү Ак-Талаа райондук финансы бѳлүмүнѳн жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигинен суралсын.
Тѳрага: | М.Садыров |