Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-марты № 12
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын IV кезексиз сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Батырбеков О. Айыл чарба жерлерин кайра болуштуруу фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген типтүү жобонун талаптарынын негизиндеги сунушун угуп, Ак-Дөбө айыл аймагындагы КБФнын жерине тоорук өткөрүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө. Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын IV кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагындагы КБФнын жерине тоорук өткөзүү боюнча комиссия түзүлсүн.
2. Комиссиянын курамына төмөндөгүдөй депуттаттар бекитилсин: Карашакиев Р. Төрөкулов Т., Кубанычбеков Ж.,Оморканов И.,Кеңешов А.,Батырбеков О., Мураталиев Э., Шерматов К., Акчалов И., Кермалиев М., Джумакулов М.
3. Ак-Дөбө айыл аймагындагы КБФнын жерине тоорук өткөзүү боюнча комиссиянын иш регламенти жана 2016-20 жылдарга келечек планы бекитилсин.
4. Ак-Дөбө айыл аймагынын КБФнын жеринен аз камсыз болгон уй булолорго № 614 контурдан 9 га, № 612 контурдан 1га, № 578 контурдан 5га, № 606 контурдан 1га, № 560 контурдан 5га, № 615 контурдан 1га, № 561 контурдан 5га, жалпысы 27 (жыйырма жети) га,
5. №578 контурдан 2га, соц. субьектилерге жер болунуп берилсин.
6. Токтомдун аткарылышын Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ө.Батырбековго жүктөлсүн
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
М.Джанчикулов |