ТоктомКүчүндө

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин 2016-жылдын 2-мартындагы № 13 (Ак-Дөбө айыл аймагынын акча каражатын карап берүү жөнүндө) токтому

Редакция02.03.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 2-марты № 13

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын IV кезексиз сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы О.Батырбековдун сунушун угуп К.Р. 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктун жетекчилике алып, Ак-Дөбө айыл аймагынын акча каражатын карап берүү жөнүндө. Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап Эл депутаттарынын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын IV кезексиз сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Дөбө айыл аймагынын Ак-Дөбө айылына АРИС програмассы аркылуу жаны ФАПтын иммаратын курганы учун Ак-Добо айыл аймагынан өздүк салым катары 138.000 (жүз отуз сегиз мин) сом акча каражаты болунуп берилсин.

2. Токтомдун аткаруу жагы Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ө.Батырбековго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Ак-Дөбө айылдык

кеңешинин төрагасы

 

М.Джанчикулов