Редакцияот 19.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 19-марты № 04

Намаздык-Ата жайыт бирикмесинин иш-чараларын бекитүү жөнүндө

Бүргөндү айыл Өкмөтүнүн аймагындагы мал-жандыктарынын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, мал жандыктарына өз убагында эмдөө жүргүзүүнү колго алуу жана 2016-2018-жылдарга карата иш-чаралар планын бекитүү максатында жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовтун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVI-чакырылышынын XXVII–сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Намаздык -ата” жайыт комитетинин “Жайыттарды башкаруу жана мал чарбасын өнүктүрүү” боюнча жамааттык иш-чаралар планын 2016-2018-жылдарга карата даярдап бекитүү жагы М. Джолдошовко милдеттендирилсин.

2. М. Джолдошовтун 1-тиркемеге ылайык даярдаган 2016-2018-жылдарга карата иш-чаралар планы бекитилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т. Асанбаевке милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К.Осконбаев

 

 

«Бекитилди»

Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин

2-март 2016-жылдагы чогулушунун

_______ токтому менен бекитилди

 

«Намаздык-Ата» жайыт пайдалануучулар бирикмесинин          2016-2018-жылга карата түзүлгөн ИШ-ПЛАНЫ

 

№

Аткарулуучу иштердин мазмууну

Аткаруу мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айытка болгон төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо менен бирге мал башына төлөнүүчү жайыт акылырын иштеп чыгуу жана аларды өндүрүү

Март

Жайыт комитети

2

Жайыттарды жайыт пайдалануучуларга бөлүштүрүп жана Бүргөндү айыл аймагындагы жашаган тургундардын мал, койлорунун санын аныктоо жана жайыттарга жайгаштыруу, жайыт билет берүү

Апрель

Жайыт комитети

3

Жайытттардагы зыянкеч чегирткелерге каршы күрөшүү

Март , апрель

Жайыт комитети тиешелүү адистер менен

4

Жайыттарга баруучу жолдорду тактоо жана Майлуу-Суу шаарынын аймагынан малдарды айдап өтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жана келишимдерди жүргүзүү, анын графиктерин иштеп чыгуу

Апрель

Жайыт комитети

5

Жайыттарга болгон төлөмдөрдү өндүрүү максатында Майлуу-Суу өрөөнүнө малдардын санын тактоо үчүн атайын пост уюштуруу.

Май

Жайыт комитети

6

Улуу жайлоолорго алып баруучу чоң жолдорду лесхоздор менен бирге сүрдүрүп, оңдоо иштерин жүргүзүү, абалын көзөмөл кылуу

Апрель май

Жайыт комитети

7

Жайыттарга баруучу жолдорду сүрдүрүп оңдоо

 

Жайыт комитети

8

Санитардык, ветеринариялык жана өрт коопсуздуктарынын сакталышын көзөмөлдөө

Жыл ичинде

Жайыт комитети

9

Малчылардын жайыттардан көчүп келүүсүнө шарт түзүү жана жакшы жайыттарга жайгаштыруу

Апрель май

Жайыт комитети

10

Таш-Көмүр шаарына караштуу Келиш жайлоосуна көчүп баратканда жана көчүп келүүдө жол кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн атайын эс алуучу жай куруу (навес)

Жыл ичи

Жайыт комитети

11

2015-жылдын жана 2016-жылдын 1-июлуна чейин жайыт бирикмесинин финансылык чарбалык иштерин текшерүү

июнь

Жайыт комитети

12

АРИС долбоору менен тыгыз байланышта болуп ветеринардык сервис куруу

Жыл ичи

Жайыт комитети

 

Жайыт бирикмесинин төрагасы:

 М.Джолдошов