Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарын бешинчи чакырылышынын кезексиз төртүнчү сессиясы
2016-жылдын 2-августу № 4/2
Жекенди айылдык аймагындагы шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамаатардан көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялары» жөнүндөгү мыйзамынын негизинде Жекенди айылдык аймагына караштуу участкалык шайлоо комиссиялардын резервинин бир бөлүгү жергиликтүү жамааттардан түзүлгөнүнө байланыштуу 2016-жылдын 1-августуна чейин жамаатардан талапкерлердин документтери айылдык кенешке келип түшкөн.
Документтердин бары талапка жооп берет. Көрсөтүлгөн талапкерлер атайын орто жана жогорку билимдүү, айылдык аймакта мекеме ишканаларда иштеп жүргөн иш стаждары, көбүнүн мурдагы шайлоо компанияларында иштеп жүргөн тажырыйбалары бар.
Тиешелүү документтери диплом, арыз, комиссиянын резервине талапкер катары көрсөтүлгөнү боюнча чогулуштун токтомдору, өмүр баяндары, макулдуктары бар.
Жогорудагылардын негизинде депутаттарын бешинчи чакырылышынын төртүнчү кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык аймагындагы шайлоо комиссиясынын резервине жергиликтүү жамаатардан көрсөтүлгөн талапкерлер бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Токтомду бекитип берүү жагы Чон-Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыёдоо жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Жекенди айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Амирбеков |