Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 8
Мектепке атын ыйгаруу жөнүндө
Жайылма айылынын калыптануусуна салымын кошкон инсан маркум Хакимжан Базаровдун наамын Жайылма орто мектебине ыйгаруу жөнүндөгү Жайылма айылынын 2016-жылдын 19-майындагы элдик жыйынынын №1 токтомун бекитип берүү жөнүндөгү Жайылма айылынын айыл башчысы Ө.Гайыповдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл аймактык кенешинин V чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айылынын калыптануусуна салымын кошкон инсан маркум Хакимжан Базаровдун наамын Жайылма орто мектебине атын ыйгаруу жөнүндөгү Жайылма айылынын 2016-жылдын 19-майындагы элдик жыйынынын №1 токтому бекитилсин.
2. Жайылма айылынын калыптануусуна салымын кошкон инсан маркум Хакимжан Базаровдун наамын Жайылма орто мектебине атын ыйгаруу тууралуу элдик жыйынынын токтомун эске алып Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилигинен жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ж.Жапаровдон суралсын
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо Хакимжан Базаровдун туугандарына тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |