Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VI cессиясы
2016-жылдын 13-июну № 9
Жайыт комитетинин 2016-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт комитетинин төрагасы А.Гайыповдун 2016-жылга карата Жайыт комитетинин бюджетинин долбоору жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата киреше бөлүгү 465070 (төрт жүз алтымыш беш миң жетимиш) сом.
-Бодо малдын жалпы саны 3810 баш, ал эми бир башка басы 43,5 сом жалпы суммасы 165735 сом.
- Кой, эчки жалпы 26350 баш, ал эми бир башка 8,5 сом жалпы суммасы 223975 сом.
- Жылкы 1256 баш, бир башка 60 сом, жалпы суммасы 75350 сом.
2. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата чыгаша бөлүгү 9999,6 (тогуз миң тогуз жүз токсон тогуз миң алты жүз) сом
- Жайыт салыгы бир айда 19437,7 сом, ай 12 (коэффиценти) жалпы суммасы 233252 сом.
- Эмгек акы төрагага бир айына 8000 сом,12 айына жалпы 96000 сом,
- бухгалтердин эмгек акысы 3000 сом, 12 айына жалпы 36000 сом.
- Сотрудник эмгек акысы 3000 сом, 12 айына жалпы 36000 сом.
- Соц.фондко чегерүү бир айына 1897,5 ай 12 жалпы суммасы 22770 сом,транспорт чыгымдары жалпы 833,3 сом.
- Ар түрдүү чыгымдар бир айына 416 сом, 12 айына 5000 сом.
3. Башка райондон келген малдар:
- жылкы саны 49 баш, басы 280 сом, суммасы 13720 сом.
- Кой, эчки 13746 баш, бир башка басы 40 сом, суммасы 549840 сом, жалпы жыйынтыгы 563560 сом.
- Инфраструктура 589608 сом. Жалпы суммасы 1054678 сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |