Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII cессиясы
2016-жылдын 8-июлу № 2
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине пландан ашычка 1472,0 миң сом акча каражатын түшкөндүгү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттине пландан ашычка түшкөн 1472,0 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
Аппараттын 31113290 статьясына 594150 сом, Улуу мурас сынагына 60 000 сом, 22221200 статясына 37850 сом. Мектептин 22221200 статясына 180000 сом, 22154900 статясына 150000 сом. Бала бакчанын 22221200 статясына 50000 сом.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, салык жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |