Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз VII cессиясы
2016-жылдын 8-июлу № 3
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын башчысы М.Сапаралиевдин 2016-жылдын 6-август күнү Кашка-Суу айыл аймагында “Тарых жана маданият жылына” карата Ачык-Таш алплагеринде өткөрүлүүчү “Чоң-Алайдын тоосу” фестивалын уюштуруп өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ачык-Таш алплагеринде өткөрүлүүчү “Чоң-Алайдын тоосу” фестивалын уюштуруп өткөрүү үчүн 400,0 (төрт жүз) миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет,салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссия курамына тапшырылсын.
Кашка-Суу айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Н.Маматаипов |