Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Кууганды айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 21-сессиясы
2016-жылдын 15-июну № 11
Кууганды айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ФПС арендасы мурунку төлөмүндө калтырылсын. Бир жылдык мөөнөт менен жаңы келишим түзүлүп, соц фонд төлөмдөрүн төлөө жагы арендаторлорго милдетендирилсин.
2. Айыл аймагында таштанды төгүүчү жердин орду жана аянты Жалгыз-Талдын оозунан 1 га өлчөмдө чектеп берилсин.
3. Айыл аймагында асфальт жолду уруксатсыз бузуп, өзүм билемдик менен иш аракет жүргүзгөн жарандарга жана чарбагерлерге , асфальт жолдун талкаланган жерин оңдоп- түзөө чыгымдарын ДЭПтин эсеби боюнча өз мойнуна алуу жана чыгымын көтөрүү милдеттендирилсин.
4. Айыл аймагындагы дүкөндөрдөн мектеп жашындагы балдарга ичимдик жана тамеки сатууга тыюу салынсын. Көзөмөлдөө жагы айылдык участкалык инспекторго милдеттендирилсин.
5. Жайыт акысын убагында чогултуу максатында айыл өкмөтү менен жайыт комитетине биргеликте тыгыз иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
6. Талас “Копер Голд ” компаниясы 2016-жыл үчүн убактылуу иш жүргүзүүсүн токтотуп турсун.
7. Сакалды латогун оңдоого керектелүүчү каражат, резервный фонддо каралган каражаттын эсебинен жумшалсын.
8. Кууганды айыл аймагына караштуу Үч-Эмчек айылынын тургуну 9 баланын энеси Бейшенова Бүбүсайраны “Баатыр эне” орденине, ушул эле айылдын тургуну 6 баланын энеси Мамырова Сыйнаны “Эне данкы ” медалы менен сыйлоого КР Өкмөтүнүн Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө сунушталсын.
Кууганды айылдык кеңештин төрагасы |
О.Сейталиев |