Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ленин айылдык кеңешинин XXIX кезексиз сессиясы
2016-жылдын 30-августу № 1
Гранттык акча каражаттарынын түшүүсү менен атайын каражат эсебинин планын жогорулатуу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Републикасынын Хельветас Свисс Интеркооперейшн Филиалы “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруунун алкагында “Ленин айылындагы эс алуу паркынын кызматын жакшыртып, айыл аймактын жашоочуларына маданий эс алуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы суммасы 3 100 000 (үч миллион бир жүз миң) сом акча каражатын конкурстан утуп алгандыгына байланыштуу, жергиликтүүбюджеттин атайын каражат эсебинин планын жогорулатып берүү жагы райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
2. Токтомду аткаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Токтосунов |