Редакцияот 17.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 21-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2016-жылдын 17-октябры № 2

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев Касымбек Дыкановичтин жана ФЭБунун башчысы Т.Эсенбаевдин айыл өкмөттүн 2016-жылга карата бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлорун депутаттар Чоң-Алай айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаттарынын 21-сессиясынын кезектеги отуруму карап чыгып талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү 8408300_сомго жана чыгаша бөлүгү 8408300 сом болуп бекитилсин.

Ошондой эле чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй разделге бөлүнсүн.

-мектептерге 892700

-бала бакчаларга 3552925

-аппаратка 3962675 сом жумшалсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Д.Молдоболотов