Редакцияот 10.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын 22-сессиясынын кезектеги отуруму

 

2016-жылдын 10-ноябры № 2

Чоң-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун сунушун кароо жөнүндө

Чоң-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын депутаттарынын 22-сесиясынын кезектеги отуруму карап талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жыл 17мартындагы № 13 сандуу токтому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токтой чарбасы мамлекеттик агенттиги 2016-жылдын 26-апрелиндеги № 01-3-106 чыгыш сандуу буйругу менен бекитилген иш планга ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чоң-Алай токойчулугунун башчысы К.Жапаровдун сунушу эске алынсын.

2. Кашка-Суу айылдык аймагынын чек арасынан баштап Жекенди айылдык аймагынын чек арасына чейинки аралыктагы Кызыл-Суу дарыясынын түштүк тарабынан айыл чарбасына пайдаланбаган атап айтканда кар мөңгүлөр баскан аска-зоолордон Чоң-Алай токойчулугунун базасына ал эми Чоң-Алай токойчулугуна караштуу Дара Шыңгымасынан 3805 га Кош-Кайың участкасынан 1200 га жер Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн базасына эки тараптын келишимдеринин негизинде өткөрүлүп берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо. Коомдук иштер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Д.Молдоболотов