Редакцияот 25.09.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын V чакырылышынын Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 25-сентябры № 21/2

Кадыркулов Эшмуканбетти Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинин «Мыкты депутат » ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө

Кочкор айылдык Кеңешинин N 4139 шайлоо округунун депутаты Кадыркулов Эшмуканбетти Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинин «Мыкты депутат» ардактуу наамына көрсөтүү жөнүндө Кочкор айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушутарын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор аймагына караштуу Большевик айылынын С.Исмаилов атындагы орто мектебинин директору, Кочкор айылдык Кеңешинин N 4139 шайлоо округунун депутаты Кадыркулов Эшмуканбет Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинин «Мыкты депутат» ардактуу наамына сунушталсын.

2. «Мыкты депутат» ардактуу наамын берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинен суралсын.

 

Төрагасы

А. Аситов